Исполнитель: | Эмил Балтагулов (Кыргыз тили) |
Пользователь: | Nurlan Borubaev |
Длительность: | 130 секунд |
Начальная пауза: | 12 секунд |
Названия аккордов: | Не установлено |
Матерная: | |
Комментарии к подбору: | Нет |
Am
Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип,
A Dm
Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип.
Dm
Өмүр балын жаңы татып турганда,
F E
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.
Am
Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди,
A Dm
Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди.
E
Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң,
F
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди,
B E Am
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.
Am
Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
A Dm
Ай шооласы жерге берип сулуулук.
E
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
F
Сенден мага, менден сага жылуулук,
B E Am
Сенден мага, менден сага жылуулук.
Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап,
Аалам турду агыш тартып жалтырап.
Махабаттын же жаштыктын күчүбү?
Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.