Балалыкты эңсөө

Исполнитель: Медербек Кадыршаев (Кыргыз тили)
Пользователь: Nurlan Borubaev
Длительность: 130 секунд
Начальная пауза: 12 секунд
Названия аккордов: Не установлено
Матерная:
Комментарии к подбору: Нет

URL

Последний раз редактировал:
Nurlan Borubaev,
11 мая 2021 г., 13:41
Доступно в Google Play

Текст

Кадыралы Кадыраалы Артыков Кубаныч Ажыбаев "Чоро" тобу

intro  Am Dm E7 

 Am        F A7           G7     C
Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай,
 Am       A  D          Dm     E  
Жашыл төрдүн ээлеп оюн, жылгасын.
 Bm7b5   E7 Dm          E7    Am
Ак чуудалуу булут көчүп аскадан,
 Dm       F C           Bm7b5  E7
Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын.
 Am     F           G        C
Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп,
 Am      Dm Bm7b5               E7
Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган,
 A     Dm  E7     F  Bm7b5       E       Am
Балалыкка, балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.


Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда,

Акак таштуу булак ыры жаңырган.

Ак чөлмөктүн кызыгына берилип,

Жайдын жумшак буурул таңын атырган.

Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун,

Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган,

Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.



Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп,

Жорго минип жол учугун улаган.

Ат жалында шамал менен жарышып,

Тоолуктардын мукам ырын ырдаган.

Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын,

Айта берип түгөтө албас эч качан,

Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.

Комментарии