Исполнитель: | Венера Назаралиева (Кыргыз тили) |
Пользователь: | Nurlan Borubaev |
Длительность: | 130 секунд |
Начальная пауза: | 12 секунд |
Названия аккордов: | Не установлено |
Матерная: | |
Комментарии к подбору: | Нет |
Оригиналындагы тонго түшүү үчүн каподастр IV-ладка кадалышы керек.
Am
Көр дүйнөнүн барынан качып,
E
Баратамын, өзүңө шашып,
Dm Am
Тосуп алчы, кучагың ачып:
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Am
Бүтпөйт экен тирүүлүктө иш,
E
Көзүң жумуп-ачкыча - күз-кыш.
Dm Am
Мээримиңе миң ирээт алкыш,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Dm
Апа,
Am
Апа,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Am
Бул өмүрдө баарысы жалган,
E
Жүз каалоонун - токсону арман,
Dm Am
Менде - убакыт, сенде жок дарман.
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Am
Түйшүк тартпа, керек эмес чай,
E
Өзүң барда көңүлдө жаз-жай,
Dm Am
Кызың чексиз, бактуу да, бай.
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Dm
Апа,
Am
Апа,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Am
Тең бөлүшүп жокту да, барды,
E
Кыйын күндө арнаган жанды,
Dm Am
Бир өзүңдөн мага дос барбы?
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Am
Эркелейин, сүйүнүп, сүйүп,
E
Балалыктын даамын туюп.
Dm Am
Жамандардан, жалгандан күйүп,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Dm
Апа,
Am
Апа,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Am
Жолум тосуп, кел, кызым дейсиң,
E
Жакшыларга эл болгун дейсиң,
Dm Am
Акылманым, көлдөй го пейлиң,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Am
Сен - гүлзарым, сенсиң - жакыным,
E
Күндө келүү - парзым, асылым,
Dm Am
Башымды ийип, таазим кыламын,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Dm
Апа,
Am
Апа,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Dm
Апа,
Am
Апа,
E Am
Апа, сени көргөнү келдим.
Плеймаркеттен "Песни под гитару Rus"
программасын орнотуп алыңыздар,
бул ырлар ошол программага киргизилген.
(Бул саптар издөө системалары аркылуу
табуу үчүн кошулду: Кыргыз, кыргызча ыр,
ырлар, ырлары, гитара менен, ырларынын,
тексти, сөздөрү, ырлардын аккорддору,
акорддор, аккорд, аккорду, акорду, акорд,
акорддору, гитарада, аккорддор, сөзү,
сөздөр, текст, тексттери,
аккорды на кыргызские, киргизские,
кыргызских, киргизских песен, тексты,
слова на кыргызском, киргизском, гитаре)
Санжар Шодиев Фаина Ташбаева