Туулган жер

Исполнитель: Керим Турапов (Кыргыз тили)
Пользователь: inash azim инаш азим
Длительность: 130 секунд
Начальная пауза: 12 секунд
Названия аккордов: Не установлено
Матерная:
Комментарии к подбору:
Керим Турапов
"Туулган жер"
Сөзү : К. Тураповдуку
Обону : К. Тураповдуку

URL

Загружено:
25 января 2022 г., 22:10
Доступно в Google Play

Текст


 Am               Am 
Кылымдардан кылым карытып,
 E             E⁷       Am 
Кызыл-Суунун суусу агылып.
 Dm                         F 
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
 E            E⁷    E           Am 
Туулган жердин суусун сагындым.
 Dm                       F 
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
 G                       C 
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
 Dm                       Am 
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
 G         F 
Ииии. Иии
 Dm      E      E⁷ E   Am 
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.

Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.

Комментарии